Келечектер

Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан учурда биздин компаниянын алдында ушул интеграциялык уюмдардын экономикалык байланыштарында кубаттуу звено болуу жаатында чоң келечектер ачылып жатат. Биздин потенциал толугу менен аракетке келтирилет жана «Жашылча» өзүнө эң эле алдыңкы европалык жабдуулар менен жабдылган муздатуучу камераларда айыл чарба продукцияларын сактоо жана бул продукцияларды андан ары экспортко жөнөтүү боюнча кызмат көрсөткөн логистикалык борборду бириктирген заманбап агро кластер болмокчу. Ошондой эле биз компаниянын өзүнүн жерлеринде экологиялык жактан таза, жогорку сапаттагы айыл чарба азыктарын өстүрүү боюнча агрардык долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бирок, эң эле башкысы «Жашылча» республиканын фермерлерине материалдык эле эмес, ошондой эле бул үчүн маалыматтык-маркетингдик түйүн түзүү менен кайсы гана болбосун колдоо көрсөтүүнү пландап жатат.

Мунун бардыгы ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө мүмкүнчүлүк берет, биздин компанияга жаңы жумуш орундарын ачууга, ал эми биздин өнөктөштөргө туруктуу жана пайдалуу экономикалык мамилелерге ээ болууга жана бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

